Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Президент Кадыров «Мемориaл» уюмунун адисин сотко берди


Москванын соту "Мемораил" уюмунун укук коргоочусунун чечен президентинин беделине шек келтиргендиги тууралуу ишти карайт. Чеченстанда иликтөөлөрдү жүргүзгөн укук коргоочу «Мемориал» уюмунун адиси Орлов президент Рамзан Кадыровдун беделине шек келтиргендиги үчүн айыпталууда. Укук коргоочу Орлов 2009-жылы Ингушетияда атып өлтүрүлгөн журналист Наталья Естемированын өлүмүнө президент Кадыров жооптуу деп айтып чыккан. Президент Кадыровдун актоочусу Андрей Красненков Орловду үч жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Рамзан Кадыров болсо чечен сыналгысы аркылуу «Мемориал» уюмун «элдин душманы, мыйзамдын душманы жана мамлекеттин душманы» деп атады.

XS
SM
MD
LG