Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Нарын губернатору саясий партиялардын облустук координаторлору менен жолугушту


Анда алдыдагы парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча сөз болду. Өз кезегинде партиялардын координаторлору үгүт иштерин таза өткөрүү, мыйзамды бузбоо, шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча каалоолорун айтышып, участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүүдө төрага менен катчы партиянын мүчөлөрү болбосун деген пикирлерге каршылыктарын билдиришти. Жүрүп жаткан үгүт иштери боюнча партия өкүлдөрү өз ара сындарды айтышты. Губернатор Турдубек Мамбетов “админстративдик ресурстар пайдаланылбайт, сиздер да таза иштегиле”, - деп чакырык таштады. Партиянын өкүлдөрүнүн суроолоруна жыйынга катышкан Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Алмаз Аскаров жооп берди. Жолугушууга Нарында иштеп аткан 29 партиянын 15инин координаторлору, тартип сакчылары, айрым бейөкмөт уюмдардын жетекчилери да катышты. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG