Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Иран Ош облусуна 13 тонна медициналык каражаттарды берди


Иран мамлекети Кыргызстандын Ош облусуна 13 тонна медициналык каражаттардан турган жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен Ирандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Манучехра Морадинин жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Иран элчиси анын өлкөсү Кыргызстандын түштүгүнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн мындан ары да жардам берүүгө даяр экенин айтып, Оштун губернатору учурдагы кырдаал, парламенттик шайлоого даярдык тууралуу айтып берди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG