Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Журналист Грант Динктин өлүмү үчүн Түркия 105 миң евро төлөйт


Страсбургда жайгашкан Европалык адам укуктары боюнча сот 2007-жылы өлүмгө дуушар болгон түрк-армян журналист Грант Динктин ой-пикир билдирүү эркиндигин сыйлап, анын өмүрүн сактап калбагандыгы үчүн түрк бийлигин жооптуу деп тапты. Соттун чечими боюнча Түркия Динктин үй бүлөсүнө 105 миң евро компенсация жана 28 жарым миң евро соттук чыгымдар үчүн төлөйт. 2007-жылы январда Динк ултра улутчулдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Кылмышкер Огун Самаст болсо азыр камакта сотту күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG