Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

CPJ: Казакстан ЕККУнун беделине шек келтирүүдө


Казакстандык журналисттер көз карандысыз басма сөзгө карата жасалып жаткан кысымга каршы маал-маалы менен нааразылык акцияларын өткөрүп келет. Астана, 16-октябрь, 2010-ж.
Казакстандык журналисттер көз карандысыз басма сөзгө карата жасалып жаткан кысымга каршы маал-маалы менен нааразылык акцияларын өткөрүп келет. Астана, 16-октябрь, 2010-ж.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Казакстан учурда өзү төрагалык кылып жаткан ЕККУнун беделине шек келтирүүдө деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун жаңы жарыяланган докладында айтылган. Комитеттин пикиринде, Казакстан басма сөз эркиндиги жаатындагы убадаларын аткарган жок.

Журналисттерди коргоо боюнча баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова баяндамасын Казакстанга быйыл жайда жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча даярдаган.

Баяндаманын адеп башында эле Казакстандын өкмөтү 2007-жылдын ноябрында 2010-жыл үчүн ЕККУда төрагалык кылуу укугун алууда демократиялык реформаларды убада кылганы, бирок алар ишке ашпаганы белгиленет. Эми Астана бир жылдык төрагалыгынын жыйынтыгы катары уюмдун жогорку деңгээлдеги саммитин өткөрүүгө белсенип жаткан кезде, мындай жагдай ЕККУнун өз беделин тобокелчиликке салууда.

“Казакстандын өзүндө көз карандысыз журналисттер менен жарандык коомдун активисттери эки лагерге бөлүнгөн эле. Биринчилери ЕККУдагы төрагалык адам укуктары чөйрөсүндөгү реформаларга, анын ичинде басма сөз эркиндигине алып келет деп эсептешкен. Скептиктер болсо төрагалык өкмөттүн авторитардык саясатын мыйзамдаштырат деп ойлошкон. Казакстан азыр ЕККУну тогузунчу ай жетектөөдө жана бүгүн өкмөттүн аракеттери скептиктердин тууралыгын далилдеп жатат”,- деп айтылат баяндамада. Баяндама автору Нина Огнянова төрагалык кылып жаткан өлкөнүн ЕККУ беделине шек келтирген көрүнүштөрү катары төмөнкүлөрдү атайт:

Нина Огнянова
- Гезиттер азыр деле жабылууда, Интернетке цензура киргизилди, басмаканалар көз карандысыз басылмаларга кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга мажбурланат. Ал эми Рамазан Есергепов ошол бузулган убадалардын адамдарда чагылдырылышы.

Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү ысымын эскерген Рамазан Есергепов - Казакстанда камакта отурган калемгер. “Алмата инфо” деген гезитке редакторлук кылып келген Есергепов мамлекеттик сырды жарыялады деген айып менен үч жылга түрмөгө кесилген. Быйыл июлда ал ЕККУга мүчө өлкөлөр Казакстандагы адам укугун бузууларга көз жумуп жатканына нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялаган эле.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлүнө абактагы калемгер менен жолугушуусуна алгач уруксат берилген, бирок Казакстандын жаза өтөө мекемесинин Тараздагы бөлүмүнүн жетекчилиги кийин кайра бул макулдашууну жокко чыгарган. Баяндамада кыргызстандык оппозициячыл журналист Геннадий Павлюк Алматыда киши колдуу болгону да айтылып, өкмөттү сындап келе жаткан “Республика” гезити кысымга алынуусун күбөлөндүргөн фактылар, “Комета S” деген аталыштагы басмаканынын жабылышы белгиленет.

Журналисттерди коргоо комитетинин баяндамасынын бир бөлүгү ЕККУнун Казакстанда быйыл жыл соңуна мерчемделип жаткан саммитине арналган. Ичтен жана сырттан айтылып жаткан тынчызданууларга карабай, ЕККУга мүчө 56 өлкөнүн тышкы иштер министрлери саммит өткөрүү маселесин июлдагы жыйында макулдашкан эле. Баяндамада белгилегендей, саммиттин күн тартибинде адам укуктары жана сөз эркиндиги өңдүү маселелер болбойт. Казакстандын өзүндө көз карандысыз журналисттер, адам укугун коргоочулар, саясий диссиденттер саммитти президент Нурсултан Назарбаевдин бийлиги үчүн пропагандалык аспап катары карашат. Мунун себептерин “Журналисттер коркунучта” деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Розлана Таукина “Азаттык” радиосунун кабарчысына мындайча чечмеледи:

Розлана Таукина
- Биз бул шаңдуу иш-чара болот деп эсептейбиз. Маңызы кандай экендигине карабай, мунун баары атак-даңк үчүн гана жасалып жатат. Бул жерде ЕККУнун демократиялык принциптерин сактоо маселеси, өлкө бул деңгээлге чыккан-чыкпаганы такыр эле талкууланбайт. Ал жыйын ЕККУнун принциптерине шайкеш келбейт деп эсептегендиктен, коомчулук буга каршы чыккан. Тилекке каршы коомчулуктун үнү угулган жок. Дүйнөлүк лидерлер Казакстандын кандай демилгеси болбосун жылуу кабыл алып, ага ЕККУнун принциптеринен абдан эле алыс турган максаттарын, идеяларын алга жылдыруусуна жол беришүүдө.

Журналисттерди коргоо комитетинин баяндамасынын тыянагында айтылгандай, быйыл ЕККУнун адам укугун коргоочу уюм катары беделине доо кетти. Бирок комитеттин пикиринде, уюмдун өзү жана төрагасы үчүн багытты өзгөртүү али да кеч эмес. Ал үчүн Астанда декабрда өтүүчү саммитте Казакстандагы репрессиялар ачык сынга алынып, маңыздуу жана максаттуу реформалар жүргүзүлүүсү абзел.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG