Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Пакистанга соода жеңилдиктерин киргизүүнү колдошот


Британия жана Дания Европа биримдигин Пакистанга соода жеңилдиктерин берүүгө чакырды. Бул чара ири табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардамдашмакчы. Британ тышкы иштер министри Уильям Хаг даниялык кесиптеши менен жолугушуудан кийин билдиргендей, Пакистан товарларын Европа рыногуна чыгарууда шаркет көбүрөөк аракет көрүүгө тийиш. Министрлер бул маселени биримдиктин ушул жумадагы саммитинде козгоону чечишти. Британия, Германия өңдүү өлкөлөр жеңилдиктер сунушун колдошсо, атаандаштыктан чочулаган түштүк Европа өлкөлөрү ага каршы болушууда. Пакистанда быйыл жайында болгон суу каптоо миллиондогон адамды үй-жайсыз калтырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG