Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Укук коргоочулар кеңеши К. Байболовго ишеним артышат


Кыргызстандагы бир катар адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдар Башкы прокуратурага Кубатбек Байболовдун дайындалып келишин кубаттаган билдирүү таратты. Анда акыркы убактарда Башкы көзөмөл органы өз ишмердүүлүгүн так аткаруудан жанып, репрессиянын куралы болуп келгендиги белгиленип, мындан ары жаңы жетекчинин келиши менен Кыргызстанда кайрадан мыйзамдуулук өкүм сүрөрүнө ишеним артылары айтылган. Укук коргоочулар кеңеши Башкы прокуратуранын жаңы жетекчилиги менен кызматташууга даярдыгын, ошондой эле адам укугун коргоо жаатында алгылыктуу реформалар жүрөт деп үмүттөнүшөрүн да билдиришкен.

Апрель окуясынан кийин Башкы прокуратураны Байтемир Ибраев жетектеп келген, президенттин өткөн ишемби күнкү жарлыгы менен бул кызматка ички иштер министри Кубатбек Байболов дайындалды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG