Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин саммити болот


Түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммити өз ишин бүгүн баштады. Ага кыргыз тараптар КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышууда. Бул иш-чаранын алкагында тышкы иштер министри Казакстан, Түркмөнстан жана Түркиялык кесиптештери менен эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, деп маалымдайт КР тышкы иштер министрилиги.

Ал эми эртең башталуучу түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн бүгүн КР президенти Роза Отунбаева Бишкектен Стамбулга учуп кетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG