Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Жалал-Абадда саясий партиялар менен бийлик меморандумга кол коймокчу


Облустук администрациянын жетекчилиги менен бүгүн болуп өткөн жолугушууда саясий партиялар шайлоону тынч, акыйкат жана таза өткөрүү боюнча сөз болду. Облус губернатору Бектур Асанов саясий партия өкүлдөрүнөн үгүт иштери учурунда мыйзамды сактоо менен саясий маданияттан чектебөөнү өтүндү. Ал эми партия өкүлдөрү жергиликтүү бийлик шайлоо алдында бардык партияларга бирдей шарт түзүлүүсүн, административдик ресурстар колдонулбашын талап кылышты. Губернатор шайлоонун жүрүшүнө администрация тарабынан кийлигишүү болбосун, эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып мыйзамды бузуучу болсо, ага карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти. Жолугушууда ошондой эле акыйкат жана таза шайлоону өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун сактоо менен өткөрүү боюнча меморандумга кол коюу сунушу киргизилди. Буга байланыштуу тараптар жума күнү, 17-сентябрь күнү кайра чогулмак болушту. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG