Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Июнь окуясы боюнча 73 кылмыш ишинин бети ачылды


Ош шаардык күч кызматтары тарабынан 10-июндан 16-июнга чейинки кылмыш фактылары боюнча 2316 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 73 кылмыш ишинин бети ачылып, мындан 30 иш боюнча тергөө аяктап, сотко жиберилди. Бул тууралуу Ош шаар прокурорунун орун басары Данияр Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 171 кылмыш иши киши өлтүрүү фактысы, 43 иш күч кызматкерлерин өлтүрүү жана денесине жаракат келтирүү, 17 кылмыш иши адам уурдоо, курал-жарак алып жүргөн фактысы боюнча 14, талап -тоноо боюнча 1159, мыйзамсыз түрдө автомобиль менчиктеп алуу фактысы боюнча 242 кылмыш иши козголгон.
Д. Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча бул фактылар боюнча келтирилген зыяндын жалпы суммасы -962,5 млн. сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG