Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Базар-Коргондогу окуя боюнча сот аяктоонун үстүндө


Ушул тапта соттун чечими угулуп жатканы кабарланууда. 13-июнда Базар-Коргондо адам өлтүргөн деп айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров жана дагы жети адамга бүгүн түшкө чейин болгон соттук жараянда акыркы сөз айтууга мүмкүнчүлүк берилген. Анда укук коргоочу Азимжан Аскаров 13-июнь күнү окуя болгон жерде болбогонун айтып, өзүнө тагылган айыпты мойнуна албасын билдирди. Андан башка дагы айыпталып жаткандардын көпчүлүгү да күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок, ал эми айыпталуучу Минура Мамадалиева айыбын жарым-жартылай мойнуна алып, жаш балдары бардыгын эске алуу менен жеңилирээк жаза берүүсүн соттон өтүнгөн.

Базар-Коргон окуясы боюнча сот иши 2-сентябрда башталган. Соттук териштирүү коопсуздук максатында Ноокен райондук сотунда жүрүп жатат. Укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана дагы сегиз кишиге 13-июнь күнү Базар-Коргондо милиция кызматкерин өлтүргөн, баш-аламандыкты уюштурган деген айып тагылып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG