Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

“Ата Журт” партиясы президентке кайрылды


Анда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө административдик ресурстар колдонулуп жаткандыгы айтылат. Кайрылуу ээлери үгүт өнөктүгү учурунда губернаторлор, акимдер убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп кала берген талапкерлерди тосуп алып, мамлекеттик машина менен коштоп жүрүшкөнүн, ал эми “Ата Журт” партиясынын жер-жерлердеги активисттерине кысым көрсөтүп жатышкандыгын белгилешет. Мындан тышкары убактылуу өкмөттүн бүгүнкү күнгө чейин күчүндө калып жатканы Конституцияны түздөн-түз бузуу болуп эсептелерин, жалпы элдик референдумдан кийин убактылуу өкмөт күчүн жоготконун эскертип, мамлекет башчыдан УӨнү жоюу тууралуу жарлык чыгаруусун талап кылышкан. Ошондой эле анда азыркы учурда өлкө 19 жылда болуп көрбөгөн экономикалык кыйынчылыктын сазына баткандыгы, бюджеттин таңкыстыгы 28 млрд. сомго жетип, ички карыз 9 млрд. сомду түзгөнү белгиленип, өлкөдө ансыз деле өзгөчө кырдаал түзүлгөнү айтылат.
“Ата Журт” партиясынын мүчөлөрү Кыргызстандагы шайлоого бүткүл дүйнө көз салып турганын белгилеп, парламенттик шайлоону адилет өткөрүүгө чакырган.

“Ата Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин көпчүлүгү мурдагы бийликтин тушунда мамлекеттик кызматта отургандар, “Ак жол” партиясынын мурунку мүчөлөрү болуп эсептелет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG