Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

АКШ: Израил-Палестина сүйлөшүүлөрүндө прогресс бар


Вашингтондун айтымында, Израил өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху менен Палестина лидери Махмуд Аббастын жөөт конуштары боюнча сүйлөшүүлөрүндө прогресс байкалууда. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчел тараптар кийинки аптада жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө макулдашканын билдирди. Анын алдында АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Израил жана Палестина лидерлери жаңжалдын өзөгүн түзгөн маселелерди талкуулай башташканын айткан эле. Нетаньяху менен Аббастын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы 14-сентябрда Египетте башталган. Бирок Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт конуштарын куруу маселеси боюнча алга жылуу бар деп айтылган эмес. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас оккупацияланган аймакта жөөт конуштары кеңейтиле берсе, сүйлөшүүлөрдү таштап кетерин эскерткен. Израил курулуштарга киргизилген мораторийди узартпай турганын билдирген. Ал эми жөөт өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху жекшембиде конуштарды тургузууга мораторий узартылбайт, бирок айрым чектөөлөр кала берет деп билдирген.

XS
SM
MD
LG