Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою абакка кесилди


Аны менен кошо айыпталып жаткан Элмурат Расулов, Дилшатбек Розибаев, Исраилбек Абдураимов, Магамадзакир Кучкаровду да үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин Базар-Коргон райондук соту кечээ чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз билдирди. Ал эми алар менен кошо айыпталып жаткан Шүкүржан Мырзалимов менен Минура Мамадалиева 20 жылга эркинен ажыратылып, Санжарбек Мувлахунов 9 жылга кесилди.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров башында турган сегиз адамга Базар-Коргон районунун аймагында 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө катышкан, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн жана башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген айып коюлду. (AJ)

XS
SM
MD
LG