Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Тажикстанда абактан качкан 25 кылмышкердин жетинчиси кармалды


Тажикстандын ички иштер министри Махмадулло Асадуллов «Азаттыктын» Тажик кызматына кылмышкер Вахдат өрөөнүнөн кармалганын билдирди. «Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайынан качкандардын дагы бирөө кармалды. Ал 1983-жылы Орусиянын Тюмен обласынын Радун шаарында туулган Алиев Али Магомедович, улуту авар», деп айтты тажик министри.

Буга чейин 2-сентябрда Ибрахим Насридиннов, 6-сентябрда Абдурасул Мирзоев, 10-сентябрда дагы экөө, 13-сентябрда тажик күчтөрү менен атышып жатып дагы эки качкын кармалган. Калган 18 киши алардын ичинде орус, ооган, өзбек жарандары из жашырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG