Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Тил комиссиясы көрнөк-жарнактары мыйзам бузган партияларды атады


“Ата Мекен”, “Республика”, БЭК, “Содружество”, “Ар-намыс”, "Айкөл Эл" саясий партиялары көчөдөгү көрнөк-жарнактарын мамлекеттик жана орус тилдеринде бирдей жазбай, мыйзамдын талаптарын бузуп жатышат. Мамлекеттик тил комиссиясынын котормо жана жарнама бөлүмү Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө рейд жүргүзүп, аталган партиялардын жарнамаларын сүрөткө тартып, каттоого алды. “Мыйзам талабы боюнча бир бетке жарнама текстинин кыргыз, орус тилдериндеги варианты жазылышы керек. Бирок айрым саясий партиялар бир жерге кыргызчасын, экинчи жерге орусчасын илип, мыйзам бузууга жол берген. Аталган фактылар боюнча ар бир партия менен жекече иштер жүргүзүлүүдө” деп айтылат Мамлекеттик тил комиссиясы таркаткан билдирүүдө. (KC)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG