Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

А. Аскаровдун адвокаты жогорку сот бутагына кайрылат


Бул тууралуу Абдулмалик Абдулакимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 15-сентябрь күнү чыккан Базар-Коргон райондук сотунун чечими бүгүн адвокаттардын колуна тиет.
Белгилүү болгондой 13-июнь күнү Базар-Коргондо милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деп айыпталган укук коргоочу А. Аскаров баштаган төрт киши үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылышкан, дагы экөө жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Соттун чечимине Хьюман райтс уотч уюму жана айрым укук коргоочулар макул болбой, чечим адилетсиз чыгарылды деп айыпташууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG