Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Бүгүн ажылык сапарды уюштуруучулар аныкталат


Быйылкы жылы ажылык сапарды уюштуруу иштери боюнча комиссия бүгүн отурумга чогулат. Анда ажыга баруучулардын топ башылары, ажылыкка кийип баруучу бирдиктүү форма тигүүчү ишкана жана Сауд Аравиясына ажылык сапарды уюштуруучу авиакомпаниялар аныкталат. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашкандай буга чейин ажы башчылыкка, ажылардын кийимин тигүү укугуна ээ болууга жана ажылык сапарды уюштуруучу аба компанияларга сынак жарыяланып, бүгүнкү күнгө карата көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн.
Өткөн жылы Мекеге 4782 кыргызстандык жаран барган. Алардын жетөөсү ажылык сапар учурунда кайтыш болушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG