Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

М. Иманкулов: ушак-айың тараткандар өлкөнүн туруксуздугуна кызыкдар күчтөр


Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал сентябрь ичи түштүктө кайра баш-аламандык башталат деп айың тараткан маалымат агенттиктери атайын чагымчылдыкка жол берип жатышат деп эсептейт. “Муну атайын эл ичинде чуу көтөрүүгө кызыкдар күчтөр таратып жатышат, алар биздин өлкөнүн душмандары” деп айтты Коопсуздук кеңешинин катчысы. М. Иманкулов ар кандай баш-аламандыкка жол бербилбесин, элдин бейпилдигин сактоого бүгүнкү күнү күч кызматтары даяр турганын бекемдеди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG