Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Орус өкмөтү Кыргызстанга шайлоо өткөрүүгө көмөктөшөт


Орус президентинин Кыргызстандагы атайын өкүлү В. Рушайлонун маалыматы боюнча Кыргызстанда парламенттик шайлоо учурунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын добуш берүүсүн ишке ашырууга Орусиянын боршайкому жана федералдык миграция кызматы көмөк көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу КР мамлекет башчысы Р. Отунбаева менен бүгүнкү жолугушуусунда билдирди. Ошондой эле жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, парламенттик шайлоо тууралуу да сөз болду.
Ал ошондой эле орус тарап жыл сайын Кыргызстандын мектептерине 40 миң даана китепти бекер берип келгендигин белгилеп, быйыл болсо табигый илимдер боюнча окуу китептерин Кыргызстандын энбелгилери менен бул жактан басууга ниеттенип жатышкандыгын кошумчалады.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG