Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Орусиянын аскер жетекчилиги Кыргызстанга келет


Орус президентинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Владимир Рушайлонун журналисттерге билдиргени боюнча Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков жана чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничевдин иш сапары сентябрдын аягына чейин болушу күтүлүүдө. Алардын келиши Орусия Куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысынын орун басары Валерий Герасимов баштаган жумушчу топтун иш сапарынын алдында болот. Бул жумушчу топ кыргыз-орус аскер кызматташтыгынын айрым маселелерин чечүү максатында келет дейт Владимир Рушайло.
Белгилүү болгондой апта башында кыргыз коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Москвада орусиялык кесиптеши менен жолугуп келген. Анда Орусиянын Кыргызстандагы аскерий обьекттердин жайгашуусу, ага төлөнүүчү ижараны курал-жарак менен төлөө тууралуу маселелер талкууланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG