Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Эл аралык иликтөө тобуна бейтараптуулук талабы коюлду


Бүгүн БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында “7-апрель” коомдук кыймылы нааразылык акциясын уюштурду. Уюмдун жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча алар Ош окуясын иликтеп жаткан эл аралык иликтөө тобу жүргүзүп жаткан иши тууралуу ачык маалымат берүүсүн, иликтөө учурунда бейтарап принциптин алкагынан чыкпоосун талап кылышууда. “Буга чейин Эл аралык кризис тобу, Хьюман райтс уотч уюму июнь коогалаңы тууралуу коомчулукка туура эмес, бир жактуу маалымат беришкен. Ошондуктан, кыргызстандык жарандар бул жолу да иштеп жаткан Эл аралык комиссиянын ишине ишеними аз болуп жатат. Мына бүгүнкү күнгө чейин комиссия иштеп атат, Ошто, Бишкекте штабы бар деп угабыз, бирок бир да маалымат жок,” дейт Өндүрүш Токтонасыров. Ал ошондой эле жогоруда аталган уюмдардын өкүлдөрү июнь коогалаңын иликтеп жаткан Эл аралык комиссиянын курамына киргизилбесин талап кылды.
Нааразылык акциясына чыккан укук коргоочунун талаптары жазылган кайрылууну БУУнун Бишкек кеңсесинин өкүлдөрү алып калышты.

Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык комиссия июнь коогалаңын иликтөө иштерин сентябрь-октябрь айларында жүргүзөрү, комиссияга тиешелүү кеңселер Бишкекте жана Ошто жайгашары, ал эми иликтөөнүн жыйынтыгы парламенттик шайлоодон кийин чыгарылары мурда кабарланган. Киммо Кильюнен “Немис толкуну” үналгысына берген маегинде комиссияга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү эмес, көз карандысыз эксперттер – эл аралык укук боюнча, адамдын укуктары боюнча адистер, зор масштабдагы кылмыштарды иликтөөдө тажрыйбасы бар адамдар кирерин белгилеп, иликтөө Кыргызстандын кызыкчылыктарына көз каранды болбосу үчүн комиссиянын курамына Кыргызстандын өкүлдөрү кирбесин айткан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG