Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

АКШ элчилиги А. Аскаровго чыгарылган өкүм боюнча тынчсызданууда


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө айтылгандай элчилик сот жараянында укук коргоочу Азимжан Аскаровго тагылган айыптарга так далилдер болгон жок, А. Аскаровго адвокаты менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилген жок деген билдирүүлөргө тынчсызданат. Мындан тышкары билдирүүдө “жергиликтүү бийлик айыпталуучуларды жана алардын туугандарын, жактоочуларын сот залында коркутуп-үркүтүүгө жол берген” деп айтылат. АКШ элчилиги өз билдирүүсү аркылуу кыргыз бийлигин А. Аскаров жана аны менен кошо айыпталып, кесилген кишилерге күч колдонулганы боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Ошондой эле анда укук коргоочу А. Аскаров баштаган бардык айыпталуучулардын ишин жогорку инстанцияда адилет кароону камсыздоосун, соттук териштирүүнү коопсуз, өкмөт толук көзөмөлдөй ала турган жерде өткөрүүнү сураган.
Белгилүү болгондой 13-июнь күнү Базар-Коргондо милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деп айыпталган укук коргоочу А. Аскаров баштаган төрт киши үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылышкан, дагы экөө жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG