Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Саясий партиялардын бюллетендеги орду аныкталды


Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партия өкүлдөрүнүн чүчү кулак кармоосунун натыйжасында алардын добуш берүү бюллетендериндеги тизмеси аныкталды. Чүчү кулактын натыйжасы боюнча добуш берүү кагазында 1-болуп “Ар-Намыс” партиясы жазылат. Андан кийин “Содружество”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекен ынтымагы”, “Замандаш”, СДПК, Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы, “Жашылдар партиясы”, “Ата Журт”, “Жашасын Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ак Санат”, “Ооган согушунун жана жергиликтүү согуш ардагерлери” партиясы, Кыргызстан Коммунисттери партиясы, Либералдык-прогрессивдүү партия, Үй куруучулар партиясы, ССР партиясы, “Каганат”, “Ак шумкар”, Кыргызстан элдеринин союзу, Экономикалык кайра жаралуу партиясы, “Бириккен элдик кыймылы”, “Эгемен Кыргызстан”, “Ак Тилек”, “7-апрель жаштар кыймылы”, “Акыйкат”, “Айкөл эл”, “Республика” жана “Республикалык элдик партия” жайгашат.
Шайлоо кодекси боюнча ат салышып жаткан партиялардын бардыгы бир бюллетенге жазылат. Ар бир партиянын алдына бештен талапкердин аты-жөнү кошо катталат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG