Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Нарын облусу парламенттик шайлоого даяр


Мындай маалыматты Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Алмаз Аскаров билдирди. Учурда облуста 165 добуш берүүчү жай ачылды. Бул өткөн референдумга караганда бир жайга көп. Шайлоочулардын өтүнүчү менен Нарын районундагы Чет-Нура айылында кошумча бир участок ачылды. Референдумда 149 миң 153 шайлоочу катышса, учурда добуш берчү нарындыктардын 60 пайызга чукул тизмеси такталып, ал 155 миң 491 шайлоочуну түздү. Облуска шайлоону өткөрүү үчүн 4 млн. 518 миң 243 сом сарпталат. Добушканалар жакшы имараттарга жайгашып, телефон байланышы коюлган, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү атайын окуудан өтүшөт. Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” биримдигинин Нарын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эркин Асаналиевдин айтымында, алардын узак мөөнөттөгү байкоочулары шайлоого терс таасир этчү одоно мыйзам бузууну байкаша элек. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG