Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Борбор Азияда кимдин армиясы мыкты?


Өзбек армиясынын аскерлери Анжияндын көчөсүндө күзөттө.17-май, 2005
Өзбек армиясынын аскерлери Анжияндын көчөсүндө күзөттө.17-май, 2005

Армия мамлекеттик коопсуздуктун маанилүү факторлорунун бири деп саналат. Ошентсе да дүйнөдө кубатын куралдуу күчтөрү эмес, экономикалык жетишкендиги менен тастыктаган өлкөлөр арбын. Борбор Азияда Өзбекстандын армиясы мыкты эсептелет. Эмне үчүн?

Өзбекстан армиясы региондо баарынан мыктыбы?

Президент Ислам Каримов, 19-апрель, 2010
Батыштын изилдөө мекемелери дүйнө өлкөлөрүнүн аскерий чыгымдары жөнүндөгү изилдөөлөрүндө Өзбекстан коргоонууга бөлгөн

Дал славян тектүү офицерлер Өзбекстандын куралдуу күчтөрү Борбор Азиядагы согуштук даярдыгы эң жакшы армия болуусунда чоң маани ойнойт.В.Мухин

каражаттары тууралуу сапты демейде бош калтырышат. Бул Ташкендин купуя сыры. Бирок, орусиялык маалымат булактарынын ырасмий маалыматтарга таянып жасаган эсептөөсүнө караганда, Өзбекстан 2008-жылы армияга ички дүң жыйымдын 4 процентин сарптаган. (Независимая газета, 23.01.2008) Муну акчага которгондо 1,1 миллиард доллар болот. Бул 1995-жылга салыштырганда эки эсеге жакын көп (World Military Expenditures & Arms Transfers, 1966).
Лондогу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун ырасташынча, Өзбек армиясы региондогу эң мыкты армия. Орусиялык аскерий талдоочу Владимир Мухин да ушундай пикирде:

- Борбор Азиядагы эң согушка жөндөмдү армия Өзбекстандыкы. Экинчи орунда Казакстандын, андан кийин Тажикстандын армиясы турат. Баарынын ичинен согушка жарамсызы Кыргыз армиясы.

Ырасмий Ташкен региондо кандайдыр бир күтүүсүз кырдаал түзүлсө, же коопсуздук кризиси жаралса, Өзбекстандын куралдуу күчтөрү ага каршы адекваттуу жооп бергендей болуш керек деп эсептейт.
Аскерий бөлүктөгү президент Назарбаевдин аскер формачан сүрөтү. Капчагай. 30-август, 2010.


Алматылык аскерий серепчи, профессор Рустам Бурнашев Борбор Азия өлкөлөрүнүн, айрыкча, Өзбекстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүн салыштыруу өтө татаал экенин айтат.

"Улуттук армияларды күч-кубаты боюнча салыштыруу оор жумуш.Эмне дегенде, не Казак армиясы, не Өзбек армиясы өз алдына башка бирөөлөрдү басып алуу же кайсы бир өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен бетме-бет салгылашуу милдетин койбойт. Эки өлкөдөгү аскерий реформа да эки башка багытта жүрдү. Өзбекстанда армия округдарга бөлүнсө, Казакстанда армия бригада-бригада болуп бөлүнгөн",-деди Бурнашев.

Казак жана Өзбек армиясы - сапаттык салыштыруу

Казак армиясынын жоокерлери "Талаа бүркүтү-2010" машыгуусу учурунда. Алматы облусу. 24-август, 2010
Ал эми сан жагынан алганда азыр Өзбекстанда 70 миң аскери бар. Анын 17 миңи аба күчтөрү. Аба күчтөрүндө 135 согуштук учагы жана 29 тик учары бар. Армия да техника менен жакшы жабдылган. Атап айтканда, 340 танкы, 399 даана чынжыр дөңгөлөктүү согуштук унаасы (БМП), 309 дөңгөлөктүү чопкутталган согуштук унаасы (БТР), 19 даана чопкутталган согуштук чалгынчы унаасы (БРДМ) бар (The Military Balance, 2010). Бул мобилдүү аскерий техника мурдакы СССР кезинде Өзбекстанда жайгашкан аскерий жана окуу борборлорунан калган. Мындан тышкары 20 миң жарым аскерий колу бар. Буга Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер жана Чукул кырдаалдар министрликтери, ошондой эле бажы кызматына караштуу күжүрмөн аскерлер кирет.(China and Eurasia Forum Quarterly,Volume 5, # 1(2007).

Ал эми Казак армиясы 49 миң колдон турат. Анын ичинен 3 миң аскер деңиз флотунда, аба күчтөрүндө 12 миң аскер кызмат кылат. Аба флотунда 162 учагы жана 40 тик учары бар. Ал эми Казакстанда 980 даана Т-72 танкы, 280 чопкутталган согуштук чалгынчы унаасы (БРДМ), 1520 даана чынжыр дөңгөлөктүү согуштук унаасы (БМП), 190 даана дөңгөлөктүү чопкутталган согуштук унаасы (БТР), 180 даана чынжыр дөңгөлөктүү жеңил чопкутталган жүк (машине) сүйрөөчү унаасы (MT-LB) (The Military Balance, 2010). Кеп мобилдүү согуштук техника жөнүндө гана болууда. Булардан башка да Өзбекстан жана Казакстанда түрдүү артиллериялык, зениттик-ракеталык каруу жарактары да
Өзбекстан. Аскерлер менен полиция түнкү күзөттө. Ташкен.
көп.

Адистердин айтымында, Өзбекстан акыркы кезде Россия жана башка өлкөлөрдүн жардамы менен армиясын жаңы каруу жарак менен куралдандырып жатат.

Владимир Мухин Өзбек армиясы анын катарындагы славян офицерлери менен күчтүү деп эсептейт:

- Албетте, славян фактору өтө маанилүү. Дал славян тектүү офицерлер Өзбекстандын куралдуу күчтөрү Борбор Азиядагы согуштук даярдыгы эң жакшы армия болуусунда чоң маани ойнойт.

Азыр Өзбек армиясында славян элдеринен канча офицер кызмат кылары белгисиз. Бирок 1992-жылы Өзбек армиясындагы офицерлердин 85 проценти жана 15 генералдын ону славян улутунан болгон (http://www.country-data.com/cgi-bin/query/r-14498.html).

Казакстандык эксперт Рустам Бурнашев аскерий адистерди даярдоодо Өзбекстан коңшу өлкөлөрдүн алдында экенин, буга улуттук өкмөттүн аскерий курулуштун стратегиясын Советтер Союзу кыйрагандан көп өтпөй иштеп чыкканы менен түшүндүрөт.

"Биринчиден, Өзбекстан аскерий стратегиясын 1990-жылдардын экинчи жарымында иштеп чыккан,-дейт профессор Бурмашев.- Казакстан болсо аскерий курулуштун стратегиясын 2000-жылдардын башында, тагыраак айтканда, Өзбекстандан беш жылдай кийин иштеп чыккан. Аскерий духту тарбиялоо убакытты талап кылган иш. Экинчиден, Өзбекстандын аймагында аскерий окуу жайлар бар болчу. Бардык аскерий окуу борборлордун өз салты бар. Алар ыкчам жаңы шартка ылайыктуу кылып реформаланган. Ал эми славяндар армиянын күжүрмөн даярдыгына олуттуу таасир этет деп ойлобойм. Бирок кадрларды даярдоо жана армияга көңүл бөлүү - бул анын согуштук жөндөмүнө таасир этери талашсыз".

Өзбекстандын Коргоо министрлиги 1991-жылы августта Ташкент өзүн төбөлсүз өлкө жарыялагандан бир апта кийин түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG