Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Эл аралык байкоочулар Ош аймагын кыдырышууда


Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Саткынай Карымшакованын “Азаттыкка” билдиришинче ЕККУнун узак мөөнөттөгү байкоочулар тобу райондорду кыдырып, парламенттик шайлоо алдында партиялар жүргүзүп жаткан үгүт иштерине байкоо салып жүрүшөт. Азырынча эл аралык байкоочулар тарабынан мыйзам бузуулар каттала элек. Ошондой эле Саткынай Карымшакова облустагы 458 шайлоо участогу парламенттик шайлоого даяр экенин, тизмелер такталып бүткөнүн кошумчалады. Анткен менен айрым партиялар тизме такталбастан түзүлгөнүн, айрым жерлерде жаңыртылбаганын, участкалык шайлоо коммиссияларынын курамын түзүүдө административдик ресурс пайдаланып жатканын айтышууда. (ATo, ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG