Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Саясий партиялар жер-жерлерди кыдырышууда


Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар үгүт иштери башталгандан бери жер-жерлерди кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп жатышат.

“Ата Мекен” партиясынын жетекчилери учурда Бишкекте, эртең Нарын аймагына жөнөп кетишет. “Замандаш” партиясынын жетекчилери Талас облусун кыдырып келишип, алар да Нарын облусуна жөнөгөнү жатышат. Ал эми “Ак шумкар” партиясы Чүй олбусунун Кант шаарында шайлоочулар менен жолугушууда. “Республика” партиясынын лидерлери кечээ Бишкектин Спартак стадионунда шаар тургундары менен жолукту. “Бүтүн Кыргызстан" партиясы Жалал-Абад аймагын кыдырууда. Калган башка партиялар да үгүт иштерин уюштуруп, Кыргызстандын жер-жерлеринде жолугушууларды уюштурууда.

Парламенттик шайлоого карата үгүт иштери 10-сентябрда башталган. Ал эми шайлоо 10-октябрга белгиленген. Үгүт иштери шайлоо күнүнө 24 саат калганда токтотулат. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG