Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Ооганстанда парламенттик шайлоо кол салуулар менен коштолууда


Бүгүн добуш берүү башталгандан бери коопсуздук чаралары күчөтүлүп, шайлоо жүрүшүндөгү айрым мыйзам бузуулар четтетилди. Ага карабастан түштүк Нангархар провинциясында ракета менен кол салууда эки киши өлүп, бирөө жарадар болду. Добуш берүү башталгандан кийин Хост провинциясында бомба жарылып үч киши, анын экөө шайлоо бекетинин кызматкерлери жарадар болду. Ошондой эле таң эрте Кабулда, Жалалабад, Кандагар, Бадахшан, Герат, Газни провинцияларында кол салуулар болгону маалымдалды.

Ооганстанда өтүп жаткан шайлоону болбурбоо аракетин козголоңчул талиптер буга чейин эле жарыялап, добуш берүүгө келгендерге кол салуулар болоорун эскерткен. Президент Карзай өзү добуш бергенден кийин ооган элин шайлоого катышууга чакырып, бул шайлоо өлкөнүн жаркын келечеги үчүн алдыга жылууга зарыл деп белгиледи.

Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын 249 орунуна 34 провинциядан эки жарым миңдей талапкер ат салышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG