Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Полшада кармалган Ахмед Закаев бошотулду


Полшанын сот өкүлү Войсеч Малек Закаевдин аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуучулук болбогондуктан, сот аны бошоткондугун билдирди. Прокурорлор Закаевдин бошотулушу тууралуу жети күндө арыздана алышат, ал эми Москва болсо аны Орусияга өткөрүп берүүнү суранган. Жума күнү Варшаванын аба майданында кармалган Закаевдин ишин караган сот Пиотр Шаб 2003-жылы Закаев Британиядан баш паанек алганын, Британия Полша сыяктуу Еврошериктештиктин мүчөсү экендигин негиз катары айтты.

Чечен сепаратисти делген Ахмед Закаев Полшада өтүп жаткан чечендердин конгрессине катышууга келген. Ал 1990-жылдардагы чечен-орус согушунда адам өлтүрүү, адам уурдоо жана террорчулук кылган деп Орусия тарабынан айыпталып, эл аралык издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG