Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Франция Орусияга согуштук кемелерди сатат


Француз тышкы иштер министри Орусияга сатылчу тик учмалар Грузиянын коопсуздугуна коркунуч алып келет дегенди четке какты. Бир катар НАТО мүчөлөрү Франциядан сатылып алынган жогорку технолгияда жасалган согуштук кораблдерди Орусия өзүнүн чакан коңшу өлкөлөрүнө каршы колдонушу мүмкүн деген кооптонуу билдирген. Улуттар Уюмунун жыйынында сөз сүйлөгөн француз коргоо министри Х.Моринмындай кооптонуу негизсиз экендигин айтып, Орусия дагы эле «Советтер Союзу» эмес деди. Ошондой эле франциялык согуш кораблдерин сатып алуу менен эле Орусия-Грузия ортосундагы стратегиялык тирешүү өзгөрүп кетет деген ой дагы туура эмес экендигин кошумчалады. Министр Морин маанилүү нерсе Франция-Орусия ортосунда аскердик жана коопсуздук жаатында баарлашуу дейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG