Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанга келет


Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мурат Ашырбековдун «Азаттыкка» билдиришинче, Орусия Куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысынын орун басары Валерий Герасимов баштаган жумушчу топ эртең Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул жумушчу топ кыргыз-орус аскер кызматташтыгынын айрым маселелерин чечүү максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков жана Чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничевдин Кыргызстанга жасала турган иш сапарынын так убактысы аталган жумушчу топ келгенден кийин белгилүү болот.

Ушул аптанын башында Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Москвада орусиялык кесиптеши менен жолугуп келген. Анда Орусиянын Кыргызстандагы аскерий обьектилеринин жайгашуусу, анын ижара акысын курал-жарак менен төлөө тууралуу маселелер талкууланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG