Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Бишкекте “Бир дүйнө” фестивалы башталат


«Бир дүйнө Кыргызстан – 2010» аталышындагы IV адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Бишкекте 21-сентябрдан баштап 25-сентябрга чейин созулат. Бул фестивалдын алкагында Чехия, Эстония, Монголия, Орусия, Австралия, Иран өңдүү 16 өлкөдөн тандалып алынган жалпы 28 тасма көрсөтүлөт. Фестиваль улуттук жана эл аралык болуп эки бөлүккө бөлүнгөн. Улуттук программаны жарандык активисттердин, режиссерлордун жана кино таануучулардан түзүлгөн калыстар тобу таразалап, сыйлыктарды ыйгарышмакчы. Эл аралык программада гран-при, эң мыкты режиссер наамы жана укук коргоо маселесин эң мыкты чагылдырган тасмага атайын сыйлыктар тапшырылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG