Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Ооганстанда добуш саноо жүрүп жатат


Зомбулук, шайлоочулардын төмөнкү активдүүлүгү жана эреже бузуулар тууралуу даттануулар болгон кечээки парламенттик шайлоонун добуштарын саноо бүгүн башталды. Азаттыктын кабарчысы мыйзам бузуулар боюнча арыздардын көптүгүнөн улам, санак бир нече күнгө созуларын билдирүүдө. Бирок шайлоо комиссиясынын арыздар комиссиясынын жетекчиси Саед Мурат Шарифи Азаттыктын ооган кызматына үмүттүү экендигин мындайча билдирди:

– Буга чейин катталган арыздардын баарын топтосок да, алар шайлоонун мыйзамдуулугуна көлөкө түшүрөт деп ойлобойм. Бирок азырынча конкреттүү жыйынтык чыгаруу эрте.


Бириккен Улуттар Уюму, НАТО жана Европа Биримдиги талиптердин коркутуп-үркүтүүсүнө карабай, оогандардын шайлоого катышканына жогору баа беришти. Ички иштер министрлигине ылайык, добуш берүү мезгилиндеги зомбулуктарда аз дегенде 11 карапайым адам, үч тартип коргоочу набыт болду. Өлкө боюнча 33 бомба жарылып, 63 ирет ракеталык чабуул жасалды. Бүгүн түндүктөгү Кундуз дубанында ракета менен ойноп жаткан сегиз бала каза тапты.

XS
SM
MD
LG