Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Сүргүндөгү чечендер: БУУ Чеченстандагы кылмыштарды иликтесин


Полшада өткөн курултайында 250 чакты сүргүндөгү чечен активисттери Бириккен Улуттар уюмун Чеченстанда орун алган кылмыштар боюнча эл аралык трибунал түзүүгө чакырган резолюция кабыл алышты. Бүгүн Полшанын ПАП кабар агенттиги жарыялаган резолюцияга ылайык, активисттер «Чеченстандагы «массалык кыргындар, массалык көрүстөндөр жана дайынсыз жоголгондор» боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү керек деп эсептешет. Варшаванын жанындагы курултайга Орусия катуу нааразы болгон. Жыйынга келген чечен көз карандысыздыгынын мурдагы жол башчысы Ахмед Закаев Орусиянын талабы менен кармалып, кайра бошотулду. Жергиликтүү сот Закаевге Европа Биримдигиндеги Британия берген саясий качкын макамын Полша урматтоого тийиш деген өкүм чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG