Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

А. Кудайбердиев: Кыргыз армиясынын чама-чаркы июнь окуяларында көрүндү


Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Абибилла Кудайбердиев армиянын күжүрмөн даярдыгы жана социалдык шарттары жакшырып баратканын "Азаттыктагы" маегинде баса белгиледи. Ошол эле мезгилде ал аскерлер арасында зордук-зомбулук көрүнүштөрү дале орун алып жатканын танбайт.

- Абибилла мырза азыркы учурда Кыргызстандагы Куралдуу күчтөрдүн абалы жалпысынан кандай?

- Июнь айында болгон окуялар армиянын кандай экендигин көрсөтпөдүбү. 1999-жылдан азыркы убакка чейин биздин армияны эки эсе кыскартышкан. Мурдагы президент Аскар Акаевдин сөзү бар болчу: “Биздин Кыргызстанда тынчтык болот, биз экинчи Швейцария болобуз, эч кандай душман келбейт. Бизге армиянын кереги жок” деп, ошонун негизинде эки эсе кыскартылган болчу.

Азыркы армиянын болгон саны менен анын даярдыгы жакшы деп айтсам болот. Коргоо күчтөрүнүн негизги тапшырмасы кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, кыргыз элин тышкы душмандан коргоо болуп саналат. Башка эл аралык келишимдердин негизинде милдеттерди аткарып жатат.

- Аскер адамдарынын социалдык абалы тууралуу сурагым келип турат.

- Чынын айтканда Кыргызстандын армиясында маселелер көп. Мына офицерлерибиздин, аскер адамдарыбыздын айлык маянасы аз. Көп офицерлерибиздин жашай турган үйлөрү жок. Аскердик пункттарда азыркы мезгилдин талабына ылайык келген обьектилерди куруу керек. Буларды чечүү үчүн көп иш-чаралар жасалып жатат.

Үй менен камсыз кылуу боюнча биз пландарды түздүк. Өткөн жумада Коргоо министрлигинин өзүнүн акчасы менен 50 квартиралык үй курууну баштадык. Кудай буйурса ал үйдү жылдын аягына чейин бүтүрөбүз деген пландарыбыз бар. Үйдү бүтүрүп алсак 50 аскер адамы үй менен камсыз болуп, бактылуу жашап, өздөрүнүн кызматтарын так аткарганга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Мындан сырткары эмдиги жылга пландаштырып жатабыз. Башка мамлекеттерден жардам беребиз деген келишимдер бар. Ошолордун баарын аскер шаарчасын куруп, үй менен камсыздандыруу боюнча иштетели деген планыбыз бар. Эки-үч жылдын ичинде бул нерсе ишке ашат деген ойдомун.

- Жоокерлердин арасында мыйзамсыз көрүнүштөр, чоңу кичинесине кордук, зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар көп айтылып келет. Мындайча айтканда “дедовщина” маселеси көп жылдан бери ойлондурган бир маселе эмеспи. Азыр ушул абал кандай?

- Өзүңүздөр билесиздер, бул Совет армиясынан бери келе жаткан жаман иш. Андан кийин Кыргызстандын армиясы эгемендүү болгондон бери ошол боюнча эле келе жатат. Бирок биз чараларды көрүп жатабыз. Аскердик кызмат эки жыл болгондо ушундай жаман иштер көп болгон. Эми азыркы кезде мына Кыргызстандын армиясында азыр кызмат кылуу бир эле жыл. Ошол бир жылда ошондой болбосун деп, бир аскер бөлүгүндө майда чакырылса, алар гана кызмат өтөйт. Эки жолу чакыруу болот. Күздө болот, анан жазда болот. Күздөгү чакырууда жалаң гана күздөгүлөр болсун деп чараларды көрүп жатабыз. Кудай буйруса жыйынтык бар.

- Минтип сурап жатканымдын себеби, буга чейин жоокерлер арасында ар кандай жагымсыз окуялар болуп келген. Жакында Баткенде чек арада бир жоокер каза болбодубу?

- Тилекке каршы, мындай окуялар болуп жатат. Эми бул Баткенде болгон окуя чек ара кызматында болду. Бул кызмат азыр коопсуздук кызматына карайт. Биз Коргоо министрлигинде ушундай нерсе болбошу үчүн чараларды көрүп жатабыз. Келишимдик кызматка өтүп жатабыз. Азыр айтсам болот, 70 пайызы бизде келишимдик негизде. 30 пайызы чакырылып жаткан аскерлер. Келишимдик кызмат деген аскердик кызматты өтөп келгендерди биз кайра жумушка алабыз. Акча маяна төлөйбүз.

XS
SM
MD
LG