Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Иран президенти АКШны камактагы ирандыктарды бошотууга чакырды


Махмуд Ахмадинежаддын билдиргенине караганда, учурда сегиз ирандык АКШ тарабынан мыйзамсыз кармалып турат. Америкалык телеканалга берген интервьюсунда Иран президенти анын өлкөсү өткөн аптада АКШнын Сара Шурд ысымдуу аял жаранын бошоттуу менен гуманитардык ишара жасаганын белгиледи. Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы алдында Иран президенти баш катчы Пан Ги Му менен жолукту. БУУ тараткан маалыматка караганда, Па Ги Мун жолугушууда жарандардын фундаменталдык жана саясий укуктары сакталышына басым жасады жана Иран Батыш менен өзөктүк программасына байланышкан тирешин жөндөө үчүн конструктивдүү карым-катышта болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Мунун алдында АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон сыналгыдагы маегинде ирандыктарды Ирандын аскерий ролу кеңейүүсүн четке кагууга чакырып, өлкөнү “жоопкерчиликтүү лидерлер” көзөмөлдөрүнө үмүттөнөрүн айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG