Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Жалал-Абадда жабырлануучулар насыя акча алууда


Облустун Базар-Коргон жана Сузак райондорунда июнь айында өрттөнгөн имараттарын калыбына келтирүү иштери уюшкандыкта жүрүп жатат. Бул тууралу Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын облустагы өкүлү Т. Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон айылындагы банктарга түшкөн 7 миллион 650 миң сом каражаттын эсебинен 133 жабырлануучу насыя акча алды. Алардын үйлөрүнүн жерпайы куюлуп, айрымдарынын дубалы тургузулган. Жабырлануучулардын арасынан 87 адамдын ар бирине 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилди. Мамлекеттик дирекция тарабынан облуска 175 тонна цемент түштү. Дирекция облуста 424 үйдү кайра курууга зарыл деп тапкан Базар-Коргон районундагы 8 жабырлануучу кайтарымсыз акча алганы менен үй куруу иштери баштала электигин, кышта кайда жашарын билбей, отун-көмүр менен да камсыз боло электигин билдиришти. Аким К. Артыков райондо сегиз үй бүтүп, 36 үй аяктар алдында турганын маалымдаган. (YA)

XS
SM
MD
LG