Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Москва мэри Ю.Лужковдун айланасында түкшүмөлдөр көбөйдү


Юрий Лужков эмгек эс алууга кетти, бирок ал кайра Москвага кызматына кайтып келбейт деген сөз тарады. Москва өкмөтүнүн маалымат катчысы Сергей Цой РИА маалымат агенттигине Ю.Лужков бир жумага Австрияга эс алууга кеткенин тастыктады. 1992-жылдан бери Москва өкмөтүн жетектеп турган Ю.Лужковду соңку кезде борбордук маалымат каражттары байма-бай өтө катуу сынга алып, көчө нааразылыктары чыгып, ал тургай президент Д.Медведевдин ачык сынына кабылды.

Премьер-министр В.Путиндин жакын санаалашы Ю.Лужков миллиардер аялы Е.Батурина менен мурдагы популярдуулуктан тайып, кызматтан кете турганы айтылууда. Өткөн ишембиде Орусиянын өкмөттү колдогон НТВ сыналгысы Ю.Лужков менен аялынын коррупциялык иштерин ашкерелеген экинчи тасманы көрсөткөн. Ал эми Ю.Лужковдун өкмөт башчы В.Путин менен жолугуусу тууралуу тасманы сыналгыдан алып салынганы айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG