Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

“Ааламдашуу жана түрк дүйнөсү” аттуу конгресс өтөт


21-24-сентябрда Кыргыз-түрк “Манас” университетинде “Ааламдашуу жана түрк дүйнөсү” аттуу түрк дүйнөсүнүн социологдорунун эл аралык үчүнчү конгресси өтөт. Аталган конгрессти өткөрүүгө президенттин администрациясы колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Конгресстин максаты - түрк дүйнөсүнүн социологиялык маселелерин илимий жактан ортого коюу жана чечүү жолдорун табуу болуп саналат.

Конгресске Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикистан, Германия, Орусия жана Кыргызстандын окумуштуу социологдору катышмакчы.

Түрк дүйнөсү социологдорунун I Конгресси 2005-жылы Түркияда, II Конгресси 2008-жылы Казакстанда болуп өткөн. Ал эми Эл аралык социологиялык уюмга Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн биринчи болуп 2010-жылы Кыргызстандын Социологиялык ассоциациясы мүчөлүккө кабыл алынган.

Конгресске Эл аралык социологиялык ассоциациянын вице-президенти, Түштүк Африкадагы Иоганнсбург университетинин Социологиялык борборунун мүдүрү профессор Тина Иус катышмакчы.

Конгресстин ачылышына президенттик администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Неждат Акчал мырзалар да катышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG