Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Электр энергиясынын өздүк наркы канча?


Электр энергиясынын ГЭСтен чыккан баасы 4 тыйын
Электр энергиясынын ГЭСтен чыккан баасы 4 тыйын

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев электр энергиясынын учурдагы өздүк баасы 1 сом 40 тыйын деп билдирди. Ушул тапта карапайым калкка сатылган баасы 70 тыйын, ал эми ишканалар үчүн 1 сом 50 тыйын. Электр энергиясынын чыныгы өздүк баасы канча?

Өткөн жылы мурдагы бийлик тарабынан электр энергиясынын баасы эки эсе кымбаттатылып жаткан учурда ал кездеги оппозицияда жүргөн партиялар, саясатчылар бийлик элге чайкоочулук кылып жатат деп айыптап чыгышкан. Мурдагы парламенттин социал-демократтар фракциясы бул боюнча атайын коомдук угуу өткөрүп, ал жерде партия лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев өткөн жылы 18-ноябрда Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 8 тыйын турарын белгилеген эле:

- Сегиз тыйындык электр энергиясын элге 150 тыйындан, өздүк наркынан 18 эсе кымбат сатып жатышпайбы. Жай мезгилинен тартып 2 сомго чыкса дээрлик 25 эсе кымбат сатылат. Анын үстүнө электр энергиясынын баасы көтөрүлсө башка бардык баалар жогорулайт, кызмат көрсөтүү, азык-түлүк жана башкалар. Муну экономикада мультипликациялык эффект деп коет. Мындан элдин жашоосу өтө оорлойт, кыйынчылык болот. Ошондуктан биз айтып атабыз, дагы ойлонуп, муну токтоткула деп атабыз.

Осмон Артыкбаев
Жыл айланбай азыркы энергетика министри, Атамбаевдин партиялашы Осмонбек Артыкбаев электр энергиясынын өздүк баасы 1 сом 40 тыйын деп маалымдады. Анын айтуусунда, бүгүнкү күнү электр энергиясына кеткен чыгашанын жарымы мамлекеттин чөнтөгүнөн төлөнөт. Министрдин журналисттерге түшүндүргөнү боюнча электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялардын чыгашасы – 50-60 тыйын, андан кийин бөлүштүрүүчү компаниялардыкы 42 тыйын, мындан тышкары салыктарды жана жоготууларды кошкондо жалпы сумма - 1 сом 40 тыйынды түзөт.

Энергетика министринин маалыматын Кыргызстандын Улуттук электр тармактары ишканасынын башкы директору, адис энергетик Райымбек Мамыров кубаттоого алды. Анын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү электр энергиясынын өздүк наркы иштеп чыгарылган ГЭСтен керектөөчүнүн үйүнө жеткирилгенге чейинки чыгашаларын кошуп эсептегенде 1 сом 40 тыйынга чаап барат, ага төлөнүүчү баа негизинен ишканалардын эсебинен жабылат:

- Бишкек ТЭЦинде иштелип чыккан электр энергиясынын баасы 2 сом 2 тыйын, анткени газ менен көмүрдүн баасы көтөрүлдү. Демек жалпы электр энергиясынын өздүк баасын эсептегенде ГЭСтен иштелип чыккан электр энергиясына ТЭЦтикин кошуп туруп эсептешкен болуу керек. Ошондо болжол менен электр энергиясынын баштапкы баасы 40 тыйынга барабар болот, мындан тышкары жогорку чыңалуудагы линиялар менен тартып берүү үчүн 15 тыйын кошулат. Мындан кийин бөлүштүрүүчү ишканалардын кеткен чыгашасы бар. Менимче ошону менен 1 сом 40 тыйынга барып калат. Айрым саясий партиялар электр энергиясынын өздүк наркы деп станциядан иштелип чыкканын гана айтып атышат, бул туура эмес. Муну эл деле жакшы түшүнөт деп ойлойм.

Министрлерге жараша өзгөргөн баа

Айрым адистердин айтуусунда, электр энергиясынын өздүк наркы акыркы 20 жылдан бери так эсептелип чыга элек. Анткени бул кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгында жатат дейт “Юстин” коомдук бирикмесинин жетекчиси, энергетика адиси Николай Кравцов:

- Электр энергиясынын өздүк наркы тууралуу министрдин айтканы эч нерсени түшүндүрбөйт. Бул деген бизде тарифтерди эсептөө боюнча тиешелүү тартип-эреже жок дегенди түшүндүрөт. Болсо дагы акыркы жыйырма жылдан бери жүргүзүлбөй калган. Ошондуктан ар бир министр ар кандай санды айта берсе болот, бүгүн Артыкбаев 1 сом 40 тыйын деп атат, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов башка бааны, андан мурункусу Игорь Чудинов такыр башкача айткан эле. Бир гана жол бар – бул үчүн атайын иликтөө жүргүзүп, бизде эмне бар жана анын абалы кандай экенин аныктап чыгыш керек.

Орозбек Дүйшеев
Ал эми коммунист, адис энергетик Орозбек Дүйшеев электр энергиясынын өздүк наркы 20-25 тыйындан ашпайт деп так кесе айтты. Анын маалыматы боюнча, ГЭС аркылуу иштеп чыгарылган электр энергиясынын баштапкы баасы 4 тыйын, андан бери керектөөчүнүн үйүнө жеткиче 21, ашып кетсе 25 тыйын болот:

- ГЭСтерде иштелип чыккан электр энергиясынын баасы былтыр 4 тыйын болгон. Бишкек ТЭЦинде иштелип чыккан электр энергиясы 1 сом 60 тыйынга чыккан. Ташып келүүчү чыгашаларды кошкондо былтыр 21 эле тыйын болгон. Быйыл деле ашып барса 25 тыйын болот, андан ашпайт. Биздин колубузда иликтенген толук материалдар бар, ал маалыматтарды далилдеп туруп, мурдагы президентке жолдогонбуз, жакында азыркы мамлекет башчыга да беребиз.

Энеретика министрлиги быйылкы кышта энергетикалык каатчылык болбойт, баалар электр энергиясынын өздүк наркынан көз карандысыз түрдө 1 Квт саатына 70 тыйындан көтөрүлбөйт деп убада берүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG