Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Казакстандык чек арачы кыргызстандык кызды зордуктады


17-сентябрда Кыргызстандан Орусияга бараткан поездди Казакстандын “Жайсаң” текшерүү бекетинен чек арачылар текшерүүгө алып, казакстандык бир чек арачы кыргызстандык 1984-жылы туулган жүргүнчү кызды иш бөлмөсүнө алып барып зордуктап салган. Мындай маалыматты “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, зордукталган жүргүнчү кыз Москва шаарына бараткан. Чек арачыдан кордук көргөн кыз өзү түшкөн вагонго ыйлап келип, болгон окуяны айтып берген. Поезддеги кыргызстандыктар мындай көрүнүшкө нааразы болуп, жүздөгөн жүргүнчүлөр темир жолду тосуп, кылмышкер чек арачыны жазалоону талап кылып бир канча саат турушкан. Натыйжада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери келип, шектүү делген чек арачыны кармашып, поезд андан ары сапарын уланткан.

Эми аталган поезд Бишкекке ушул бейшемби күнү кайтып келмекчи. “Кыргызтемиржолу” ишканасынан билдиришкендей, поезд келгенден кийин анын жетекчиси окуя тууралуу кененирээк айтып бермекчи. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG