Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Тажикстан: Буктурмада 23 аскер курман болду


1990-жылдардагы граждандык согушта Рашт өрөөнү оппозициянын очогуна айланган
1990-жылдардагы граждандык согушта Рашт өрөөнү оппозициянын очогуна айланган

Тажикстандын чыгышындагы Рашт өрөөнүндө Коргоо министрлигинин аскерлерине куралдуу чабуул болду. Кеминде 23 аскер курман болгону кабарланууда. Душанбедеги расмий өкүлдөр кол салууну исламчыл козголоңчулар жасашкан дешет.

Тоолуу Рашт өрөөнү 1990-жылдардагы граждандык согуш учурунда секулярдык өкмөткө каршы чыккан исламий оппозициянын очогу болгону менен белгилүү.

Жекшембиде өкмөттүк аскерлерге буктурма коюп, кеминде 23 өлтүргөн деп, бийликтер азыр исламчыл козголоңчуларды күнөөлөп жатышат. Тажикстандын армиясы үчүн бул бир топ эле оор жоготуу экени айтылууда.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, окуя ошол жердеги Камароб капчыгайында болду. Министрлик чабуулду “теракт” деп атады жана ал үчүн мурдагы талаа командирлери Аловаддин Давлатов менен Абдулло Рахимов жооптуу деди.

Министрликтин расмий өкүлү Фаридун Махмадалиевдин ишениминде, чабуулду уюштургандардын катарында Ооганстандан, Чеченстандан, Пакистандан келген куралчан жоочулар да бар.

Оор жоготуу

“Ыйык Исламдын атын жамынып, алар Тажикстанда тынчтыкты, стабилдүүлүктү бузуп, өлкөнү региондогу диний жана исламчыл козголоңчулардын борборуна айланткысы бар”, - деди министрликтин өкүлү.

Окуя болгон аймак тээ 1990-жылдардагы граждандык согушта исламчыл оппозициянын очогуна айланган эле. Борбор калаа Душандебен 180 чакырымдай чыгыштагы Рашт өрөөнүнө эми бийликтер кошумча аскерлерди жөнөтүштү.

Буктурмада калып, жаракат алган бир топ аскер ооруканага жаткырылды. Айрымдарынын абалы оор.

Алишер Умаралинин таажиясында, 20-сентябрь, 2010

Өлгөн аскерлерди Душанбеге тик учак менен жеткиришти. “Азаттыктын” тажик редакциясы кабарлагандай, ошол окко учкан аскерлердин бири – 19-жаштагы Алишер Умаралинин денеси – бүгүн өзү туулуп-өскөн Чавала айылында жерге берилди.

Окуя өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон Бириккен улуттар уюмунун башкы Ассамблеясына катышып жүргөн учурда болду. Рахмон курман болгон аскерлердин туугандарына көңүл айтып, өлкөнүн күч органдарына чабуулду уюштургандарды тезинен табууну буйруду.

Ал арада Рашттын өзүнүн тургундары биздин кабарчыларга айтышканына караганда, азыр көчөлөрдө аскер көп, бир топ жерлерде жолдор тосулган. Асманда тик учактар да ары-бери көп учуп жатышат.

Ысмын атагысы келбеген бир аял азыр жол тосулгандыктан, Камароб менен жакын жердеги Гарм шаарчасынын ортосунда калганын айтты.

“Биз асманда тик учактарды, көчөдө аскерлерди ташыган машинелерди көрдүк. Коркуп кеттик да, кайра үйгө баралы деп чечтик”, - деди ал.

"Биз катышкан жокпуз"

Жергиликтүү бийликтер болсо Камаробдо бүгүн абал туруктуу экенин айтышууда.

Ал эми мурда оппозициянын согушкерлеринин катарында жүргөн айрымдар соңку чабуулду айыптап, өздөрүнүн ага эч тиешеси жок экенин айтышууда.

Олим Одилов - мурда исламчыл оппозициянын катарында согушка катышып, кийин тынч жашоого кайткандардан. Ал бизге сүйлөп жатып, соңку чабуулдун артында ким турушу мүмкүн экенин такыр билбей турганын айтты.

“Буга биздин тиешебиз жок, - дейт мурдагы оппозициячыл согушкер Одилов. - Азырынча ал жакта эмне болгонун эч ким деле жакшы билбейт. Бул азыр бизге да, өкмөткө да түшүнүксүз болуп турат. Биз ар кимибиз өзүбүздүн үйүбүздө эле отурабыз. Эгерде ага катышкан болсок, алда качан эле качып кетмекпиз”.

Соңку окуя аскердик күчтөр Душанбеде өткөн айда түрмөдөн качкандарды кармоо боюнча атайын операция өткөргөн учурда болду.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG