Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Бүгүн Манас университетинде эл аралык конгресс башталат


Кыргыз-түрк “Манас” университетинде “Ааламдашуу жана түрк дүйнөсү” аттуу түрк дүйнөсүнүн социологдорунун эл аралык үчүнчү конгресси башталат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
Конгресстин максаты - түрк дүйнөсүнүн социологиялык маселелерин илимий жактан ортого коюу жана чечүү жолдорун табуу болуп саналат.
Маалыматка караганда конгресске Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикистан, Германия, Орусия жана Кыргызстандын окумуштуу социологдору, Эл аралык социологиялык ассоциациянын вице-президенти, Түштүк Африкадагы Иоганнсбург университетинин Социологиялык борборунун мүдүрү профессор Тина Иус катышмакчы.
Түрк дүйнөсү социологдорунун I Конгресси 2005-жылы Түркияда, II Конгресси 2008-жылы Казакстанда болуп өткөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG