Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Францияда коопсуздук күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилди


Буга террордук акт жасалуу ыктымалдуулугу жөнүндөгү маалыматтар негиз берүүдө. Франциянын “Европа-1” радиосунун билдиргенине караганда, мындай маалыматы Алжирдин атайын кызматтары өткөн аптада француз кесиптештерине билдирген. Айрым маалыматтарга караганда, терракты эл көп чогулган жерде жасашы мүмкүн жанкечти аял жөнүндө жүрүп жатат. Терракт жасалуу коркунуч бардыгын Франциянын ички иштер министри Брис Ортфе ырастады, бирок маалыматтын чоо –жайын айткан жок. Мындай эскертүүлөр өткөн аптада Францияда кыз –келиндердин бети-башын жаап, коомдук жайларда никаб же паранжычан жүрүүгө тыюу салган мыйзам парламенттин жогорку палатасы –Сенатта бекитилгенден кийин айтылууда. Мыйзам кабыл алынган күнү Париждеги Эйфел мунарасынан жарылуу болушу мүмкүн деген жалган маалыматтардан кийин туристтер эвакуацияланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG