Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Түндүк Кореяда бийлик мураскеринин ысымы аталышы мүмкүн


Өлкөдөгү жалгыз саясий уюм - Эмгек партиясынын саясий бюросу кезектеги жыйынга 28- сентябрда чогулган жатат. Түндүк Кореянын расмий кабар агенттигинин маалыматына караганда, анда партиялык лидерлер шайланат. Эмгек партиясынын жетекчилиги толук курамдагы кеңешмеге сейрек чогулат. 1980-жылы ошондой жыйында Түндүк Кореянын азыркы жетекчиси Ким Чен Ир атасы Ким Сен Ирдин мураскери деп жарыяланган, бирок бийликти 1994-жылы атасынын көзү өткөндөн кийин гана жүргүзө баштаган. Батыштын жана Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын боложолуна караганда, саясий бюронун алдыдагы олтурумунда Ким Чен Ирдин бийлигин анын баласы Ким Чен Унга өткөрүүнүн шарттары жөнүндө сөз жүрүшү мүмкүн. Бул маалымат расмий булактар тарабынан ырастала элек. Божомолдорго караганда, Ким Чен Ирди мураскерди аныктоону тездетүүгө саламаттыгынын начарлоосу мажбурлоодо.

XS
SM
MD
LG