Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

БУУнун башкатчысы жакыр өлкөлөр үчүн жардамды азайтпоого чакырды


Пан Ги Мун донор өлкөлөрдүн дарегине мындай чакырыкты Нью-Йоркто, Миң жылдыктын өнүгүү максаттары программасынын аткарылышын талкуулоого арналган үч күндүк саммитин башталышында сүйлөгөн учурунда жасады. Башкатчы белгилегендей, донор мамлекеттер жакырларга багытталган жардамын глобалдык экономикадагы төмөндөөгө карабай азайтпашы керек. Саммиттин алгачкы иш күнүндө бир катар дүйнө лидерлери чыгып сүйлөштү.

Каржылык кризисти баштан кечирип жаткан Испаниянын премьер- министри Хосе Луиз Родригес Сапатеро өз сөзүндө дүйнө өлкөлөрүн жакырчылык менен ачарчылык деңгээлин кыскартуу, климатын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча программаларды каржылоонун башка жолдорун табууга үндөдү. Испан өкмөт башчысы менен катар француз президенти Николья Саркози жакырчылыкка каршы күрөшкө акча жыйноо үчүн каржылык операцияларга салык киргизүүнү сунуш кылышты. Ал эми Грузиянын президенти Михаил Саакашвили ар бир өлкө өз шартына ылайыктап жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча программасын иштеп чыкпаса, тышкы жардамдан натыйжа болбосуна токтолду.

БУУ мындан он жыл мурдагы программасында Миң жылдыктын өнүгүү максаттары катары жакырчылыкты жоюу, балдар өлүмүнүн, СПИД илдетинин таралыш деңгээлин азайтуу өңдүү сегиз маселени белгилеген. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, анда акыркы мөөнөт катары көргөзүлгөн 2015 –жылга чейин ал максаттардын бир нечечин аткаруу мүмкүн эмес болуп турат. Буга глобалдык каржы жана экономикалык кризистин таасири тийди.

Бул аралыкта Дүйнөлүк банк алдыдагы беш жылда билим берүүгө кошумча 750 миллион доллар ажыратарын жарыялады.

АКШ президенти Барак Обама саммитте 22-сентябрда сөз сүйлөйт. Кыргыз президенти Роза Отунбаева да БУУнун трибунасына ушул күнү чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG