Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Статс-катчылар конкурсуна 64 адам катышууда


Мамлекеттик кадр кызматы жарыялаган статс-катчылык кызматтарга 64 талапкер коё берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Ар бир министрликке орун басар министрдин даражасындагы статс-катчылык кызмат иштеп келет. Жакында эле жогорку жетекчиликтин чечими менен статс-катчылардын иш-чөйрөсү, таасири дагы да кеңейтилип, ошону менен катар жоопкерчилиги да көбөйтүлдү.

Буга байланыштуу статс-катчыларды кызматка алуу жол-жоболору да татаалдашты. Ага ылайык, бул кызматка талапкер болгондордун оболу документтери текшерилет. Андан аркы баскычта талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүп, өз алдынча тапшырмалары аткарышмакчы. Андан кийин татыктуулар калпты аныктоочу аппараттан, көзмө-көз сүйлөшүүдөн өтүүлөрү керек болот.

Ушул тапта статс-катчылык 12 орунга 64 талапкер ат салышууда. Экономикалык тескөө министрлигине бир гана талапкер документ тапшыргандыктан, бул министрликтин статс-катчылык кызматына кайрадан документ кабыл алуу жарыяланды. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG