Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Шайлоо: ички мигранттар кошумча тизмени талап кылууда


Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын каттоосу жок тургундары алдыдагы шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.
Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын каттоосу жок тургундары алдыдагы шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

Бишкектин тегерегиндеги кырктан ашуун жаңы конуштардын 150 миңге жакын жашоочулары парламенттик шайлоодо добуш бере албай калышы ыктымал. Ошол себептүү алар добуш берүү укуктары тебеленип жатканын белгилешип, референдумда колдонулган кошумча тизмени калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Деги эле ички жана сырткы миграция шайлоодо гана көтөрүлчү маселеби? Алардын добуш берүү жол-жоболору кандай чечилет?

Кошумча тизме кимге пайда, кимге зыян?

Ички жана сырткы миграция маселесинин шайлоо учурунда гана көтөрүлүшү Кыргызстанда чынында эле адатка айланган. Ушул убакка чейин канча шайлоо өтсө өзгөчө чет жакта эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын добуш берүү жол-жобосу ошончо ирет козголду. Бирок чечилген деле жок. Бул жолу аларга өлкөнүн ички мигранттары да кошулду. Алар бийликтен парламенттик шайлоодо кошумча тизме менен добуш берүү нормасын киргизүүнү талап кылып, иш жүзүндө жашап жаткан жеринен шайлоого уруксат сурашууда. Мындай талап менен Бишкек шаарынын тегерегиндеги 42 жаңы конуштун туруктуу каттоодо турбаган жашоочулары чыгышты. Өз талаптары аткарылбаса шайлоо алдында митингге чыгышарын да эскертишүүдө. Алардын айтымында, Бишкекте жана шаардын тегерегинде турган 150 миң адам парламенттик шайлоого добуш бере албай калышы ыктымал.

Бекмурат Акиновдун үй-бүлөсүндө добуш берүү курагындагы төрт адам жашайт. Төртөө тең шаарда катталбагандыктан, добуш берүү укугунан да ажыроодо.

- Биздин туруктуу каттобуз жок. Анткени дача аймагында документ берилбейт экен. Референдумда добуш бердик эле, эми уруксат берилбей, укугубуз чектелип жатат. Биз да өзүбүз каалаган партияга добушубузду бермекпиз. Каттообуз жок болгондуктан айрым сациалдык маселелер да чечилбей жатат. Мен бул жакта 1985-жылдан бери жашайм. Ошого карабай бир гана 2010-жылы 27-июнда болгон референдумга добуш бердим.

Буга чейинки шайлоолордо үгүт иштеринде партия болобу, жеке талапкер болобу кайсы бир айылдан көбүрөөк добуш алуу максатында ошол аймактын маселесин чечип берүү аракетин көрчү. Жаңы конуш тургундары алардын көбүнүн добушу эсептелбегендиктен бул мүмкүнчүлүктөн да куру калышканын айтышууда.

Ак-тилек жаңы конушунун тургуну Чыңгыз Абдыласов референдумда кошумча тизме менен шайлоо ыкмасы колдонулгандыктан бул ирет деле аны колдонууга мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, шаарда иштеп жаткан ар бир жарандын шайлоо үчүн катталган айылына атайын баруусуна шарты жок.

- Мисалы референдумду кандай кылдык эле. Кошумча тизме болгондуктан көп адамдар добуш берип, жакшы катышкан. Айылдарда биздин добуштар колдонуп коюшу мүмкүн. Мурдагы шайлоолордо деле добуштарды сатып алган көрунүштөр болуп эле келген да. Мында да ошондой болуп кетпеши үчүн биз өзүбүз жашаган жерден шайлашыбыз керек. Өздөрү тигүүчү болуп же базарда иштесе бир шайлоо үчүн Таласка, Ошко атайын бара албайт. Ага кирешелери туура келбейт.

Кыргызстанда миграция маселеси соңку 10-15 жылдан бери актуалдуу болуп келе жатканына карабай ички да, сырткы да мигранттардын так санын аныктоо мүмкүн болбой келет. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Рыскүл Рысбакованын айтымында, ички миграция боюнча так маалымат жок. Болгону гана бир райондон экинчи районго өтүп, убактылуу каттоодон өткөн айрым гана жарандардын саны бар. Алардын саны 14 миңди гана түзөт.


Өлкө сыртындагы мигранттар шайлоого катышат

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин өкүлү Адилет Бейшеналиев болсо өлкөнүн сыртында иштеп жүргөн мигранттар үчүн шарттар көрүлүп жаткандыгын, ички миграция боюнча алар алектенбегенин белгилөөдө.

- Орусияда 300 миңге чукул, Казакстанда 80 миңге жакын. Башка өлкөлордү айтпай эле коелу, анктени массалык түрдө мигранттар жок. Ошол себептүү Орусияга 18 шайлоо бекет, Казакстанга эки бекет ачылганы жатат. Кыргызстандын жаранымын деген киши паспортун алып келип катышса болот. Ага толук укуктуу.

Белгилей кетсек, 9-августта кол коюлган декретке ылайык, Шайлоо кодексиндеги кошумча тизме менен добуш берүү нормасы алынып салынган. Эми шайлоочулар өзүнүн иш жүзүндө жашап жаткан жеринен добуш бербей, каттоодо турган жеринде, мурдатан түзүлгөн шайлоочулар тизмесинин негизинде гана бере алышат. Мындай өзгөртүүлөр жарандык коомдун өкүлдөрү жана айрым саясий партиялар каршы чыгышканы менен түшүндүрүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясысынын төрагасы Акылбек Сариев да Шайлоо кодексине киргизилген кошумча тизмени мыйзамсыз деп айткан болчу. БШК өкүлү Жаркын Бапанова кошумча тизме маселеси Тышкы иштер министрлиги менен бирге жана ички мигранттар кандай жол менен добуш бере алышары талкууналганын, бул маселе дагы караларын кошумчалады.

- Өлкө сыртына жалпысынан 44 шайлоо бекетин ачабыз. Ички мигранттар боюнча азырынча чече элекпиз. Бул дагы каралып жатат. Шайлоо боюнча кодексте каттоо болушу керек. Эми ошону такташ керек. Бирок биз муну жакын арада чечебиз.

Чындыгында бийлик өкүлдөрү деле, башка саясий партиялар деле мигранттардын добушу чоң күч экенин моюнга алып келишет. Анын үстүнө ички да сырткы да мигранттардын баары добуш берүү курагындагы адамдар. Партиялар арасында дал ошол миграция маселесин карманып шайлоого аттанып жаткандар да жок эмес.

Айрым саясат талдоочулар мигранттардын добушу административдик ресурс катары колдонулуп кетиши ыктымалдыгын белгилеп жатат:

- Каттоо, кошумча тизме же башка жоболор туура эмес. Менимче, паспорт менен келип добуш берсе жакшы болот эле. Бул жерде паспортко атайын белги коюлушу керек жана бармакка көзгө көрүнгөн белги болсо жакшы болмок. Калган кошумча тизме деген нерселер татаал нерсе. Бул жерде да көз боёчулук болуп кетиши ыктымал. Административдик ресурс катары да колдонулуп кетиши мүмкүн, - дейт талдоочу Марс Сариев.

Дагы бир талдоочу Аскар Мамбеталиев мигранттардын активдешүүсүнүн артында саясий өңүт болушу ыктымалдыгын айтат:

- Булардын демилгеси кызык экен. Анткени кыргыздарда анчалык деле "мен добуш берем" деп аракет кылып айтчу эмес эле. Бирок менимче канчалык көп адам добуш берсе легитимдүүлүк ошончолук күчтүү болот да. Ошондуктан бардыгы шайлоодо добуш беришин каалайт элем. Болгону бардыгын мыйзамдаштырып, маселени чечиш керек.

Расмий бийлик Кыргызстандан сыртта иштеп жүргөн эмгек мигранттардын саны 600 миңдин тегеринде деп эсептеп келет. Көз карандысыз эксперттер болсо эмгек мигранттардын саны миллионго чукул экенин айтышууда. Алардын көбү Орусия менен Казакстанда эмгектенишет. Ал эми ички мигранттардын санын так айткан орган азырынча болгон жок. Мамлекеттик каттоо кызматынын болжолдуу саны боюнча, ички мигранттардын саны Бишкекте 60 миңден ашуун болушу ыктымал. Азырынча алардын добуш берүү ыкмасы шайлоо мөөнөтү аз калганына карабай такталбайт турат.

XS
SM
MD
LG