Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Нарындык артисттер Бишкекте оюн көрсөтүшөт


Бүгүн жана эртең Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрынын артисттери Бишкекте оюн коюшат. “Мен арызданам” аттуу спектаклдин режиссеру “Азаттык” үналгысынын маданият боюнча кабарчысы Аманбек Жапаров. Спектакль эл акыны, драматург Жалил Садыковдун чыгармасынын негизинде даярдалган.

Оюнда коомчулуктун эң талылуу көйгөйлөрүнөн болгон коррупция, бюрократия, паракорлук маселелери кеңири көтөрүлүп, элди гумандуулукка, адилеттүүлүккө чакырат.

Аталган оюн Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрында 19:00дө башталат.

Убагында Москва баштаган калааларга гастролдоп барып жүрчү атактуу Нарын драма театры 15 жылдан бери Бишкекте биринчи жолу оюн көрсөтмөкчү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG